azattyk.kg Мыкты университеттерге өтүүнүн сыры

Быйыл кыргызстандык ондогон мектеп бүтүрүүчүлөрү эл аралык эң мыкты университеттерге тапшырышып, алардын арасынан бир нече окуу жайына өткөндөр да болду.

"Азаттык" радиосунун студиясына эң мыкты алты университетке акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алып, бирок Гонконгдогу Кытай университетин тандап алышкан Аяна Баекова менен Салиха Алтынбек кызы, ошондой эле АКШнын Пенсильвания штатындагы Лихай университетине өткөн Улан Мирланов келип, чет жакта акысыз окуунун жолдору жана сынактарга даярдануунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

"Максатты туура коё билиш керек"

Дүйнөдөгү бир нече университетке бир убакта сынак тапшырып өтүү сиздерге кыйын болгон жокпу? "Даярдануу процессинде эмнелерге көңүл бурдуңуздар?" деген суроого "Сапат" билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсү, Британия, Канада, АКШ, Кытай жана Кореядагы университеттерге өткөн Аяна Баекова жооп берди.

Аяна Баекова: Биринчиден, максатты туура коюш керек. Келечекте ким болоруңду алдын-ала пландап алган жакшы. Мейли, дарыгер болобу, инженерби, айтор, бир кесипти тандагандан кийин ошого жараша окуп жаткан сабактарга көңүл бура баштайсың. Мисалы, инженер болгусу келгендер математиканы, физиканы терең өздөштүрүшү керек.

Мен максатты кичине кезимде эле аныктагам. Дарыгер болгум келет. Бирок биоинженерияга да аябай кызыгам. Биологияны, математиканы абдан терең окудум. Андан кийин университеттерди тандадым. Дүйнөдөгү кайсы университет акысыз окутат, ошого жараша сынактары кандай экенин изилдедим. 10-класстан баштап тынымсыз сынактарга даярдандым. Англис тилин жакшы үйрөндүм. Университет тандоодо үй-бүлөнүн материалдык акыбалын да эске алышыбыз керек. Менден улуу эжем да университетте окуйт, инилерим да бар. Андыктан болушунча акысыз орундарды тапканга аракеттендим.

Чет жакта окууну тандагандарга айтарым - бир эле университет менен чектелбей, бир нече варианттарды таап, алардын баарына өтүүгө аракет кылгыла. Канчалык көп окуу жайы силерди кабыл алса, ошончолук акысыз, мыкты жерде окууга мүмкүнчүлүк ачылат. Анан англис тилдүү өлкөлөргө окугусу келгендер, албетте, TOEFL, ILTS тесттерине даярдансын.

Мен окуган "Сапат" билим берүү лицейи да сынактарга даярдануума шарт түзүп берди. Буга кошумча мынчалык ийгиликке жетишимде апамдын ролу чоң. Эгерде үй-бүлөдө жакындарың сени колдоп турса, ата-энең бири бирин сыйлап, сүйүү өкүм сүрсө, сөзсүз ийгиликке жетет экенсиң.

Үй-бүлөдөгү тынчтык биринчи кезекте биздин ийгилигибизге себепкер болду десем жаңылышпайм. Канчалык кымбат баалуу курстарга барып, көп китеп окуган балдар деле окууга өтпөй калып жатышпайбы. Алардын көбүндө үйүндө туруктуулук, бейкуттук жок экенин байкаса болот. Башкысы - жакындарыңдын колдоосу экен.

Мугалимдер бизди чектебесе..."

Улан Мирланов - Бишкектеги катардагы эле мектептердин биринин бүтүрүүчүсү. Ал эки жыл удаа "Кыргыз лидерлер академиясынан" кошумча билим алып, АКШнын Пенсильвания штатындагы Лихай университетине өттү. Келечекте биоинженер болгусу келген Уландын кыялы бир тепкичке аткарылды десе болот. Ал кыргыз билим берүүсүндөгү чектөөлөр жоюлса, балдар сын көз карашын ачык жазууга үйрөнсө, дүйнөлүк жогорку окуу жайларына өтүү мүмкүнчүлүгү артат деген пикирде.

Эркиндик болбосо ийгиликке жетиш кыйын"

Салиха Алтынбек кызы Түштүк Кореядагы Улсан улуттук илим жана технология институту менен Гонконгдогу Кытай университетине өттү. Ал азыр Кытайдагы Гонконг университетинде окуганы турат. Ал - Бишкектеги "Айчүрөк" кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү, алтын сертификаттын да ээси. Салиха кыргызстандык балдар ийгиликке жетиши үчүн билим берүүдө, аларды тарбиялоодо эркиндик керек экенин белгилейт:

Салиха Алтынбек кызы: Мен алгач Түштүк Кореядагы университетке тапшырганымда өтпөй калгам. Ал учурда англис тилин билүү деңгээлим начар эле. Анын үстүнө бир да тест тапшырган эмесмин.

9-10-класстан эле мектеп окуучулары чет жакта окугусу келсе, TOEFL, IELTS тесттерине даярданып, расмий тапшырып коюшу керек экен. Болбосо чет жакка чыгуу кыйындап калат. Буга кошумча окууга тапшырууда "мотивациялык кат" абдан маанилүү. Ушуга аябай көңүл буруш керек. Аны 2-3 күндө эле жаза албайсың. Эң аз дегенде 2-3 жума даярданып, мазмунуна кылдат мамиле кылган дурус. Башында мен "эки күндө эле бүтүрө салам, оңой нерсе" деп этибарга албай, биринчи тапшырганда өтпөй калып, ыза болдум. Андан соң катаны кайталабаганга аракет кылдым. Экинчи жолу тапшырганда Кудай жалгап өттүм. Мугалимдердин да ролу абдан чоң.

Мен инженер болгум келет. Математикадан Фейза аттуу мугалимибиз сабак берчү. Чет жакка окууга өтүшүмө анын салымы өтө чоң болду. Негизи эле окууну тандаганда эртеңки кесипти сөзсүз ойлонуш керек. Анын түпкүрүндө башталгыч класста алган билимиң жатат. Мен биринчи мектепке барганда аябай кыйналган элем. Орус класска киргенде кыргызча чоңойгон жаным таптакыр орусча билбей, азап тарткам. Баары эле "Эмнеге жакшы окубайсың?" деп кыйнай берчү. Мындай жашта балага оюн формасы менен окуганды үйрөтүш керек го? Канчалык урушуп, жемелеген сайын түнт болуп, эч кандай ийгилик жарата албай калат да.

Биздин мектеп окуучуларында тандоо жок. Маселен, биринчи класстан мен боёмо китеп менен ойногум келсе, мугалим тыйып, эсеп чыгартып коёт. Бул эркиндикти чектөө да? "Макул эми, чоңойгондо тандоого жетет экенбиз" десек, класс жогорулаган сайын сабактар да көбөйөт. Бизде азыр 13 сабактан кем эмес предмет бар. Ал эми чет өлкөдө окуучу келечекте медик болгусу келсе, ошого тийиштүү гана сабактарды окуйт. Бизде бала кааласа да, каалабаса да ондогон предметти жаттап, окушу керек. Окубаса ата-энеси, мугалимдери урушат. Ушул нерсе биздин өнүгүүгө тоскоол болууда.

источник: https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_students_get_scholarships/29366164.html?fbclid=IwAR3_cFkm4mvMefEZy4_tniiOZJcZcvgSr6Q9eh9jNK9IMfZgJkqppgO_ZDY

Close
Close