sputnik.kg : Кыргыз окуучусу 90 өлкөнүн мыктылары катышкан олимпиадада коло медаль тагынды

Кадамжай лицейинин окуучусу Садиков Артур Швейцарияда өткөн Эл аралык XLVII International Physics Olympiad олимпиадасында физика предмети боюнча өзгөчөлөнгөн.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар Швейцарияда өткөн Эл аралык XLVII International Physics Olympiad олимпиадасында физика предмети боюнча мыкты аталышты. Бул тууралуу "Себат" эл аралык билим берүү мекемеси билдирди. © ФОТО / НАЦИОНАЛЬНЫЙ ОЛИМПИЙСКИЙ КОМИТЕТЕТ Олимпиадалык форма: коомчулук менен спортчулардын пикири Дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн окуучулары катышкан олимпиада 11-17-июль күндөрү Цюрих шаарында болуп, ага Кыргызстандан 5 окуучу: Азамат Мырзабеков, Алымбек Сагымбаев, Нарбек Байзаков, Артур Садиков жана Михаил Губарченколор катышты. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Кадамжай лицейинин окуучусу Артур Садиков 3-орунду ээлеп, коло медалга татыктуу болду. Бул эл аралык физика предмети боюнча олимпиада (International Physics Olympiad) 1967- жылдын декабрынан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 5 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу.

Дагы: http://sputnik.kg/sport/20160718/1027859012.html

18.07.2016

Close
Close