sputnik.kg: Тбилисиде өткөн олимпиададан Доорон Маметов коло медаль менен кайтты.

Сынак химия предмети боюнча өткөн. Доорон Маметов 320 окуучунун арасынан байгеге илинди.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Грузияда химия предмети боюнча өткөн International Chemistry Olympiad олимпиадасында "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин окуучусу Доорон Маметов коло медалга ээ болду. Бул тууралуу аталган окуу жай билдирди. © ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ОБРАЗОВАТЕЛЬНОГО УЧРЕЖДЕНИЯ "СЕБАТ" Кыргызстандык окуучулар биология боюнча дүйнөлүк жарыштан медаль менен кайтты Маалыматка ылайык, Тбилисиде өткөн олимпиада 23-июлда башталып 1-августка чейин уланган. Ага 80 өлкөдөн 320 окуучу катышты.  Кыргызстандан барган команданын курамында "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин төрт окуучусу — Доорон Маметов, Автандил Саиддин, Абдыкерим уулу Эржигит жана Азизбек Өзбеков болду.  Химия предмети боюнча эл аралык олимпиада (International Chemistry Olympiad) 1968-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Мында ар бир өлкөнүн төрт окуучудан турган командасын эки мугалим жетектеп барышы шарт.

Булак: http://sputnik.kg/society/20160801/1028300338.html

01.08.2016

Close
Close