kabarlar.ogr: Ислам Иманалиев: «Билим менен таалим куштун эки канатындай».

Ислам Иманалиев, Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин башкы мүдүрүнүн орун басары менен болгон маек.

 

  1. «Себат» эл аралык билим берүү лицейи “сапаттуу” билим берет деп жатасыздар, ушуга кененирээк токтолуп кетсеңиздер?

Бүгүнкү күндө  «Себат» -  16 лицейди, Эл аралык “Ататүрк-Алатоо” университетин, Эл аралык “Силк Роад” мектебин, 3 толук эмес орто мектебин камтыйт. Окуу планы менен окуу программалары лицей компоненти кошулган базистик мамлекеттик стандартка туура келет. Окуу программасынын туура тандалышы, “Себат” лицейлериндеги окутуунун жогорку сапаты окуучуларыбыздын республикалык жана эл аралык олимпиадаларындагы жетишкендиктери менен тастыкталып келет. Англис тили тереңдетилип окутулат. Математика, физика, химия, биология, информатика сабактары англис тилинде окутулат. Экинчи чет тили – түрк тили болуп саналат.  “Себат” лицейлеринде окуучуга билим алууга бардык шарттар түзүлгөн, ыңгайлуу шарттары бар жатаканаларга ээ. Ушулардын баардыгы сапаттуу билим алууга ыңгайлуу өбөлгө түзөт деп ойлойм.                                                                                                            

  1. Себат лицейин бүтүрүп учурда элге кызмат кылып жаткан инсандарды атап кете аласызбы?

Себат алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 1996-жылдан тартып бере баштаган, бүгүнкү күндө жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 12468 ди түздү. Алардын 50% пайызы жогорку окуу жайларын ийгиликтүү аяктап, өздөрүнүн кесиптерин мыкты билген адистер катары Кыргызстанда жана чет жакта иштерин улантып келишет. Бүгүнкү күндө “Себат” бүтүрүүчүлөрүн Кыргызстандын экономика, бизнес, жеке чөйрөдө, мамлекеттик кызмат тармактарында, курулуш компанияларында жана ири чет өлкөлүк компанияларда (Nestle, Google, Microsoft) кездештирсек болот. Алар өздөрү алган мыкты билимдерин иш жүзүндө колдонуп келишет.

 

  1. Ыймандуу жолго тарбиялоо боюнча окуучулар көбүн эсе намаз окушуп, ыйман жолунда жүргөндөрүн байкоого болот. Бул боюнча сиздер өзүңүздөр багыт бересиздерби же студент бул кадамга өз каалоосу менен барабы?

Билим берүү менен бирге окуучулардын тарбиясы да маанилүү. Сапаттуу билим жана мыкты тарбия куштун эки канатына салыштырсам болот. Бирөөнүн кем болуп калышы инсандын жашоодо ордун туура табышына тоскоол болот. Ошондуктан окуучуларды тарбиялоодо толеранттулука, коллективдүүлүкө, кыргыз улутунун салт-санааларын үйрөнүүгө, сый-урмат менен мамиле кылууга көнүл бурабыз. Тарбия сабактарында динге басым жасабайбыз. Сабактан тышкаркы кошумча иштерде окуучулар менен тарбиячылар иш алып барышат.

  1. Жакынкы айларда эле Себат билим берүү мекемеси туралуу саясатташкан багытта көрүнүп калды, коомчулук бул боюнча чочулабай эле койсо болобу?

- Бул окуялар Себаттын ишмердүүлүгүнө эч кандай таасирин тийгизген жок, Себат ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып барат. Бүгүнкү күндө Себаттын бардык мектептеринде окуу-тарбия процесси толук кандуу уланып жатат. Эч кандай чочулоого негиз жок. Эгерде ата-энелердин же коомчулуктан суроолор болсо Себаттын башкы дирекциясына маалымат алуу үчүн кайрылса болот.

  1. Республикалык олимпиада боюнча лицейдеги студенттер жана окуучулар канчалык деңгээлде.

Биздин иш багыттарыбыздан бири - таланттуу, интеллектуалдык жөндөмү жогору балдар менен иш алып баруу болуп саналат. Себат лицейлеринде олимпиадага даярдоо 8-класстан тартып башталат. Алгач окуучуларга атайын анкета жүргүзүлүп, предметтерге бөлүнөт. Олимпиадалык топтор менен мугалимдер даярдоо сабактарын жүргүзүп турушат. Окуучуларыбыз 9-класска келгенде предметтик олимпиадаларга катыша башташат. Республикалык олимпиада аяктагандан кийин дүйнөлүк олимпиадага тандалып калышат. 2015-2016 окуу жылынын жыйынтыгы менен Республикалык предметтик олимпиадада Себаттын окуучулары 13-биринчи, 14-экинчи, 17-үчүнчү орунду камсыз кылышты. Ушул жай айларында өткөн дүйнөлүк олимпиадаларда 5 коло медаль жеңип келишти. Алар физика Садиков Артур, химия Доорон Маметов, биология Даян Мелисов, Ислам Бекташов жана информатикадан Азрет Кенжалиев. Олимпиададан алган сертификаттары менен дүйнөнүн эң алдыңкы университеттерине окууга мүмкүнчүлүк алышат.

источник:https://kabarlar.org/kg/news/press/86781-islam-imanaliev-bilim-menen-taalim-kushtun-eki-kanatynday.html

от 20.10.2016

Close
Close