Биздин бүгүнкү “Менин Себатым: Бүтүрүүчүлөрдүн ийгилик сырлары” аттуу рубриканын  каарманы, Борбордук Азия Университетинин архитектору Салия Бостериева.

“Лицейде акылдуу болуу модага айланган! Себат мага үйрөнүү өнөрүнү берди"-деп Себаттагы окуу күндөрүн эскерүүдө.

Салия 2004-жылдагы Бишкектеги “Айчүрөк” лицейин бүтүрүп Мимар Синан Университетинин архитектура бөлүмүнө тапшырды. Андан соң магистратураны Стамбулдагы Техникалык Университетинде билим алууну уланткан. Стамбулда окуп жатып, “Эрасмус” студенттерди алмашуу программасына өтүп, Миландагы Политехникалык Университетте билимин тереңдетип келген.

Close
Close