Семетей Омурагазы уулу

«Менин Себатым: Бүтүрүүчүлөрдүн ийгилик жолдору» видео тасмаларыбыздын биринчи каарманы Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек Лицейинин 1997-жылындагы бүтүрүүчүсү Семетей Омургазы уулу болду.
Семетей Кыргызстандын бизнес чөйрөсүндө активдүү ишмердүүлүк жүргүзүп келет: Levi's, Colins, Kotton, MIA жана башка ушул сыяктуу бренддерди башкарган компаниясынын ээси болуп саналат. Мындан тышкары Семетей өлкөнүн социалдык жашоосуна да активдүү катышып, коомдун турмушун өзгөртүүгө багытталган социалдык долбоорлорду колдоп жана жетектеп келет.


Close
Close