"СЕЙТЕК" ТОЛУК ЭМЕС ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕСИ

“Сейтек” толук эмес жалпы билим берүү мекемеси (“Сейтек” ТЭЖББМ)  1-4-башталгыч класстар жана 5-6-класстар үчүн  негизги толук эмес билим берүүчү толук күндүк мектеп болуп саналат. Мектепте окуучулардын эстетикалык, физикалык өнүгүүсү үчүн сабактан тышкары иш-аракеттердин пакети каралган.

Жалпы билим берүү мекемеси Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагына тиешелүү болуп, Туңгуч кичи районунда жайгашкан. Мектептин жанында “Ататүрк-Алатоо” эл аралык университети орун алган. Мекемеден алыс эмес жерде Архитектура жана курулуш университетине тийиштүү корпустардын бири, Компьютердик системалар жана технологиялар боюнча билим берүүчү колледжи, мамлекеттик МАИнин имараты, “Быстроток” каналынын боюндагы “Боорсок” кафеси жана мечит бар. Мектеп шаардын борборунан алыс жерде, түштүк-чыгыш бөлүгүндө улуу орус жазуучусу М.Горький атындагы көчө менен Чолпон-Ата көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.  Горький көчөсүнөн жетишээрлик санда Туңгуч кичи району менен шаардын башка райондорун байланыштырып турган  шаардык транспорттук каттамдар жүрөт.  Мектеп автожолго жакын жайгашкандыктан, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында мектептин тегереги толугу менен курчалган, күнү-түнү иштеген видеокамералар менен жабдылган жана күзөт кызматкерлери тарабынан кайтарылат. Күзөт кызматкерлери мекемеге кирип-чыккандарды текшерип, чоочун кишилердин кирүүсүнө уруксат беришпейт.  Мектеп шаардын борборунан алыс жайгашкандыктан, окуучулар келишимдин негизинде жеке менчик ишкананын транспорттук кызматтары менен 2013-жылдан бери пайдаланат. Алар мектептин окуучуларын үйдөн мектепке, мектептен үйгө жеткиришет.  Бүгүнкү күндө 678 окуучунун ичинен 190 бала бул кызматтан пайдаланууда.

Мектеп “Сейтек” толук эмес билим берүүчү мекеме катары, “Туңгуч” кичи районунда имараттын курулуп бүтүшү менен  жана “Себат” ЭББМ №97 Буйругунун негизинде 2012-жылдын 22-апрелинен тартып  иш аткара баштаган. Жаңы имаратка  жалпысынан 12 класска “Айчүрөк” УВК 1-6-класстардын 300 окуучусу которулуп келген. 

Окуу  имараты СанПиН техникалык жана санитардык талаптарына жооп берген 4 кабаттуу. Мектептин 4 кабатында төмөнкүлөр жайгашкан:

- окуу кабинеттери -36 ,

- жетекчиликке тиешелүү жайлар – мүдүрдүн бөлмөсү жана кабылдоо бөлмөсү, ОТИ боюнча мүдүрдүн орун басарларынын  бөлмөлөрү -4

- кызмат бөлмөлөрү– медпункт, бухгалтерия, китепкана, ксерокөчүрмө, мугалимдердин бөлмөсү, видеотехникалык бөлмө, психологдун бөлмөсү, кичи чогулуш бөлмөсү,  келген кишилерди кабыл алуу жана алар менен баарлашуу бөлмөсү.

 - кошумча иштөө жайлар – архив, ритмика бөлмөсү,  конок бөлмөлөрү жана 340 орундук ашкана, 120 орундук  салтанаттуу чогулуш өткөрүлүүчү зал, кыз жана эркек окуучулар үчүн кийинип-чечине турган бөлмөлөрү менен  спорттук зал жайгашкан.  Мектептин аймагында  ачык  жерде  газон төшөлгөн футболдук аянтча бар. Ага кошумча волейболдук, баскетболдук, теннистик аянтчалар жана 60-100 м чуркоо жолу, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык жасалган турникеттер, балдар үчүн оюн аянтчасы, 1 үстү жабык чатырча, 8 үстү жабык  жана 10 көчүрүлмө отургуч жайгашкан. Мектептин бүтүндөй мейкиндиги керектүү техника жана материалдар менен жабдылган, жерге брусчатка, керектүү бөлүмдөрүнө газондук чөп  төшөлгөн, бак-дарактар отургузулган. Кечкисин жана түнкүсүн жарык кылуу системасы иштеп турат.

Окуучулардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык түзүлүшү 

Мектепте жалпысынан 678 окуучу билим алат. Алардын ичинен  597окуучу толук үй-бүлөдөн, 57 окуучу толук эмес үй-бүлөдөн, жарым жетим 25, 2 окуучу жетим, 46 окуучу көп балалуу үй-бүлөдөн жана 1 окуучу камкордук алган окуучулар. Кирешеси төмөн жана начар үй-бүлөдөн чыккан окуучулар жок.  

Улуттук түзүлүшү боюнча, кыргыз улутундагылар – 650, башка улуттун өкүлдөрү – 28 окуучу.

Жалпы билим берүүчү мекеменин иштөө режими:

1.Окуу жылы  9 ай же 34 окуу жумасынан турат. Ортодо күзгү, кышкы жана жазгы эс алуу күндөрү бар. 1-класттын окуучулары үчүн февраль айында 1 жумалык мөөнөттө кошумча каникул  берилет.

2.Окуу жумасынын узундугу – негизинен 5 күндүк окуу күнү. Муктаждыгы же каалоосу болгон окуучулар үчүн ишемби күнү саат 9.30дан 12.30га чейин кошумча сабактар жана олимпиадага даярдоо курстары  өткөрүлөт.

3.Сменалардын саны – 1 смена. 1-класстар үчүн сабактын узундугу 40 мүнөт, 2-6-класстар үчүн – 45 мүнөттү түзөт.  

4.Окуу күнүнүн узундугу: 9.00дан 16.30га чейин окуу жана окуудан тышкары иш-чаралар аткарыла турган толук күндүк режим. Окуу үчүн 5 саат, ал эми окуудан тышкары иш-аракеттер үчүн 2,5 саат каралган.

- жылдын жылуу мезгилдеринде эртең менен саат 8.30да дене тарбия көнүгүүлөр аткарылат.

- 8.45те балдар адабияты окутулат.

- саат 9:00дан 14:00ге чейин сабактар өткөрүлөт. Бул убакыттын ичинде  эртең мененки тамактанууга жана сабактардын ортосундагы танапистерге убакыт бөлүнөт.

-  Окуудан тышкары убактарда түшкү тамактануу, этюддар, окуучулардын жеке кызыгуулары жана жөндөмдүүлүктөрү боюнча ийримдер, кошумча сабактар өткөрүлөт. 

Мектептин жетекчилиги педагогдорго бардык иш-аракеттер боюнча колдоо көрсөтөт, чыгармачыл изденүүдө керектүү жардамдарды берет, квалификацияны жогорулатууда керектүү шарттарды түзүп берет.


http://www.sebat.edu.kg 

51@sebat.edu.kg

(+996) 312 449304/ 449314 / 449252

(+996) 312 449284(fax)

 Кыргызская Республика,  Бишкек шаары, .Горький көчөсү 1/8

 

Close
Close