«Кыргызстанды өзгөртө алган кыялым» дилбаян конкурсу

Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин лицейлерине окууга тапшыруучулар үчүн дилбаян конкурсу жарыялайт.

«КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛГАН КЫЯЛЫМ»

Адамдын бир гана кыялы дүйнөнү өзгөртө алат. Сенин кыялың Кыргызстандын өнүгүшүнө кандай салым кошот?


Конкурска Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин лицейлерине тапшырууну каалаган бардык 6-класс окуучулары катыша алат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө 5 жылга бекер окуу мүмкүнчүлүгү берилет.


Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 30-апрель 2017-ж.

Конкурс 2017-жылдын 17-марттан 30-апрелге чейин өткөрүлөт:
• 17-марттан 30-апрелге чейин - дилбаяндарды кабыл алуу;
• 5-апрель – лицейлерге кабыл алуу сынагынын 1-турун башталышы;
• 22-29-апрель – лицейлерге кабыл алуу сынагынын 2-туру;
• 22-29-апрель – интервью өткөрүү;
• 30-апрель – 13-май – конкурстун жыйынтыгын чыгаруу.

Конкурска катышуучунун дилбаяны Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин лицейлерине тапшыруу сынагынан бардык баскычынан өткөн соң бааланат.


Дилбаян кыргыз же орус тилинде кол жазма же электрондук түрдө жазылып, 500 сөздөн туруусу сунушталат. 

Титулдук баракчада төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

  • Конкурска катышуучунун ата-жөнү;
  • Конкурска катышуучунун жана ата-энесинин байланыш номерлери


Дилбаянды жөнөтүүнүн жолдору:

  • www.sebat.edu.kg  сайтынын дилбаян конкурсу бөлүгүнө жүктөсө болот (Дилбаян жазуу);
  • А4 кагазына колдо же электрондук түрдө жазып, Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин облустардагы өкүлчүлүктөрүнө (лицейлерге) тапшырса болот;
  •  Почта аркылуу жөнөтсө же Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси 219 (6-кабат), 720001  дарегине алып келсе болот.


Конкурска катышуу акысыз. Кабыл алынган дилбаяндар кайра кайтарылбайт. Эң мыкты дилбаяндар маалыматтык агенттиктерге жарыяланат.


Байланыш номери: +996 312 611 362, +996 703 076 955


* Эгерде конкурска катышуучунун дилбаяны буга чейин жарыяланып, башка жарышка катышкан болсо, ал дилбаян конкурска кабыл алынбайт.

Close
Close