"Себат Президентинин Кубогу"

 Эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси жана "Борбордук Азиядагы      Билим Берүүчү Дебат Ассоциациясы" (IDEA CA) Коомдук Фонду лицей-окуучуларын критикалык ой-жүгүртүү жана эл астында чыгып сүйлөө жөндөмдөрүн арттыруу максатында 2017-жылдын 25-март күнү Бишкек шаарында  алгачкы жолу Себат лицейлеринин окуучулары арасында "Себат Президентинин Кубогу" аталыштагы  дебат турнирин уюштуруу пландаштырууда.

Дебат турнирине "Себат" лицейлеринин окуучулары команда түзүп, кыргыз, орус же англис тилдери боюнча 3 лигада биринчилик үчүн ат салышышат. Ар бир лига боюнча жеңүүчүлөргө  тийиштүү белектер ыйгарылат:

  • Кыргыз жана англис тилдери боюнча дебат турнирин жеңүүчүлөрү 1 жумага Ысык-Көлгө жайкы лагерге эс алууга жолдомо алышат;
  • Орус тили боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү Казахстанда боло турган "Небо Кочевника" гранд-турнирге жолдомо алышат.

Дебат турнирдин алкагында 2017-жылдын 24-март күнү катышуучуларга IDEA CA тарабынан дебат жана анын техникалары боюнча атайын тренинг өткөрүлөт. 



Турнирге каттоо

* Дебат Турнирине жана тренинге катышуу акысыз


Close
Close