Международный фестиваль языка и культуры



Бишкекте балдардын 14-эл аралык тил жана маданият фестивалы болуп өттү. Кожомкул атындагы Спорт ордосунда башка өлкөдөн келген конокторго арналып концерттик программа жана сүрөт көргөзмө уюштурулду. Эл аралык тил жана маданият боюнча фестиваль Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция менен Эл аралык "Себат" билим берүү мекемелеринин уюштуруусунда Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин ал АКШ, Бельгия, Казакстан, Германия, Түркия, Голландия сыяктуу өлкөлөрдө өтүп келген. Бишкекте 2-майда башталган фестиваль 8-майда жыйынтыкталат.

Фестивалдын негизги максаты дүйнө жүзүндөгү элдердин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзүү болуп эсептелинет.

Close
Close