Биздин мугалимдерибизди, "Мыкты мугалим - 2017" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз!

Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында, 5-октябрь күнү КРнын министри Сапар Исаковдун катышуусу менен мугалимдер күнүнө карата "Мыкты мугалим - 2017" республикалык сынагынын салтанаттуу аземи болуп өттү.

Сынактын комиссиясынын мүчөлөрү катышуучулардын өткөргөн ачык сабактарын, портфолиолорун баалашты, жана ошондой эле жыйынтык чыгарууда сабактарга берилген онлайн-добуштарды эске алышты.

4-октябрь күнү Билим АКИpress сайтында ачык сабактарга онлайн-добуш берүү аяктады, ал жерде кыргызстандыктар мугалимдин кесиптик чеберчилигинин даражасын баалай алышты жана эң мыкты мугалимдерге жана тарбиячыларга добуш беришти.

Сынактын комиссиясынын чечими боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй:

- Абдубапова Айжан – Ош шаарынын «Жетиген» лицей-мектебинин мугалими- 508 балл;

- Борец Екатерина – Бишкек шаарынын "Silk Road international School" мектебинин мугалими- 453 балл;

- Жакыпбаева Дамира – Ош шаарынын «Сема» лицейинин мугалими - 415 балл.

Close
Close