5 - октябрь - Мугалимдер күнү!

Урматтуу агай, эжейлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, ынтымак-ырашкерлик менен бирге ары жооптуу, ары татаал ишиңиздерде чыгармачылык эргүү, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

“Мугалим-мөмөлүү дарак” дегендей, ак эмгегиңиздердин үзүрү болгон окуучуларыңыздар Кыргызстандын гана эмес, жалпы адамзаттын керегине жараган мыкты эр азаматтардан болушуна тилектештигибизди билдиребиз.

Майрамыңыздар кут болсун!

Close
Close