23-сентябрда Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин ТЭЖББМ "Грамотеи" мектебинде мамлекеттик тил күнү белгиленди.

ТЭЖББ “Грамотеи” мектебинде 23-сентябрь - мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар болу өттү. Сабактар башталганга чейин салтанаттуу линейка болду, мектеп окуучулары Кыргыз Республикасынын гимнин аткарышты, мектептин мүдүрү Хажы Кара Думан кыргыз тилинде куттуктоо сөз сүйлөдү. Ар кайсы класстын окуучулары улуттук музыкалык аспаптарда музыкалык чыгармаларды аткарышып, элдик акындардын ырларын айтышып, кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармалары жана “Манас” эпосу менен таанышышты, кыргызча макал-лакаптарды айтышып, алардын маанисин түшүндүрүштү, улуттук бийлерди бийлешти. Бул күнү окуучулар кыргыз тилинде сүйлөшүп, кыргыз элинин чыгармачылыгы менен таанышып, улуттук оюндарды ойношту.

Close
Close