Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары Кыргызстандын курама командасы менен 49-Дүйнөлүк Химиялык Олимпиадада 2 коло медаль алышты

“Манас Ата” Талас лицейинин 11-класстын жана “Семетей” Кадамжай лицейинин 10-класстын окуучулары Автандил Саиддин жана Базарбаев Баяман  2017-жылындагы Дүйнөлүк Химиялык Олимпиадада байгелүү орундарды ээлешти.

Бул химиялык олимпиадага 2016 жана 2017-жылдардагы Менделеев олимпиадасынын коло медалдардын ээлери да Кыргызстандын курамасында катышышты: “Манас Ата” Талас жана “Сема” Ош лицейлеринин окуучулары Батырбеков Ильяс жана Абдыкерим уулу Эржигит

 

2017-жылдын 6-15-июль күндөрү Тайланд мамлекетинин Накхонпатхом шаарында химия сабагы боюнча эң атактуу саналган окуучулар арасында 49-Дүйнөлүк Химиялык Олимпиада өткөрүлдүЖалпысынан бул олимпиадага 76 мамлекеттен келген 304 окуучу химия сабагы боюнча билимдерин сынашты.

 

Олимпиада 2 турдан турат: эксперименттик жана теоретикалык. Ар бир тур үчүн 5 саат убакыт бөлүнүп, 2 башка күндө ующтурулат. Теоретикалык турунда 60 балл алса болот, ал эми практикада болсо - 40 балл. Ар тур өзүнчө бааланат, эки турдун жыйынтыктарынын суммасы катышуучунун жалпы жыйынтыгын чыгарып берет.

Ар бир катышкан мамлекеттен экиден өкүл Эл аралык калыстар тобунун курамын түзүшөт, алар өз кезегинде тапшырмаларды талкуулашып, вны катышуучу үчүн ыңгайлуу болгон тилге которуп беришет[1].

Дүнөйлүк Химиялык Олимпиадага катышууну каалаган өлкө 2 жыл катарынан байкоочу болушу керек.

Ар бир мамлекеттин курамасына эң көп 4 окуучу жана 2 мугалим кириши мүмкүн. Бул олимпиада расмий түрдө окуучунун билим сыноо олимпиадасы. Катышуучулардын жаш курагы 20 ашпаган жана ЖОЖ окубашы абзел.

 Дүйнөлүк Химиялык Олимпиадан байгелүү орунду ээлөө химия сабагын тандап алган окуучулар үчүн бул эң чоң жетишкендикошондой эле бул дүйнөдөгү алдыңкы ЖОЖдорго окуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү платформа болуп саналат.

 

Close
Close