5-6-класстар арасында олимпиада өткөрүлдү

Эл аралык Кембриж Силк Роад мектебинде Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин башталгыч мектеп окуучуларынын арасында “3-Сапат жаштар олимпиадасы” өткөрүлдү. Олимпиада 5-6 класс окуучулары арасында информатика, ментал арифметика, биология, математика, англис жана түрк тил сабактарынан болду. Ага жалпы 9 мектептен келген 178 окуучу катышты.

“Сапат жаштар олимпиадасы” 3 жылдан бери өткөрүлүп келет.  Аталган олимпиададан жеңген окуучуларга жана алардын мектептерине кубок жана сертификаттар берилди. Эң мыкты деп 1-орунду "Сейтек-Туңгуч" мектеби, 2-орунду Токмок башталгыч мектеби жана 3-орунду Каракол мектеби ээледи.

Close
Close