Эл аралык Силк Роад мектебинде "The Spring Debate" турнири өттү

2017-жылдын 5-7 май күндөрү Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси Борбордук Азиядагы Билим Берүүчү Дебат Ассоциациясы менен биргеликте "The Spring Debate" семинарын уюштурду.

Семинар эки күндүк дебат боюнча интенсивдүү тренинг жана катышуучулар үчүн турнирди камтыды. Катышуучулар критикалык ой-жүгүртүү жана эл астында чыгып сүйлөө жөндөмдөрун жогорулатуу, ошондой эле аргумент келтирүү, издөө жөндөмдөрү жана башка ой-пикирлерди угуу аркылуу өздөрүнүн кругозорун кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бишкек Университет Лигасынын  Карина Толмачева, Тамирлан Муктаров, Эльвира Калмурзаева жана Ильяс Нурмамбектов сыяктуу мыкты оюнчулардын тажрыйбалары менен бөлүштү. Ар кандай темалар талкууга алынды, алардын катарында "Бул палата кордук көргөндөрдү "бетме бет" принцибин колдонууга уруксат берет", "Бул палата экологиянын ордуна экономиканы тандайт" жана "Бул палата мектеп формасына тыюу салат".

Финалдык турнирдин биринчи эки раунда "Бул палата жаныбарлар менен циркке тыюу салат" жана " Бул палата Кыргыз Республикасында добуш берүү жашын төмөндөтөт" темалары талкууланды. Жарым-финалдын темасы "Бул палата студент катары чет өлкөгө кетпей өз мекенинде калууну каалайт", ал эми финалда "Бул палата дебаттарды милдеттүү сабак катары киргизет".

Семинарга жалпысынан Билимкана-Бишкек, Билимкана-АУЦАнын жогорку мектеби, Эл аралык "Оксфорд" мектеби жана Эл аралык "Силк Роад" мектептеринен 40 окуучу катышты.

Close
Close