Кыргызстандан 5 окуучусу дүйнөлүк физика олипиадасына катышууга жолдома алды

1-9 май күндөрү Якутск шаарында мектеп окуучулары арасында физика предмети боюнча 18-чи Азиялык Олимпиадасы болуп өттү. Ага Кыргызстандан 8 окуучу барып, Каракол  Х.Карасаев лицейинин окуучусу Мырзабеков Азамат кызыктыруучу сыйлыкка татыган. Андан сырткары Кыргызстандан 5 окуучу июль айында Тайланд мамлекетинде өтүүчү 48-чи Эл аралык Физика Олимпиадасына  жолдомо алышты.

Азиялык Физика Олимпиадасына 170 окуучу 24 мамлекеттен катышты. Олимпиаданын жобосу боюнча окуучулар Физика сабагынан 1 теориялык жана 1 практикалык экзамен жазышкан.

Close
Close