Ата-энелер арасында спорт мелдеши боюнча финалдык бөлүгү болуп өттү

«Спорт – достуктун элчиси» деген аталышта «Сапат» лицейлеринин ата-энелер арасындагы достукту, ынтымакты, биримдикти бекемдөө максатында жыл сайын достук турнири  өткөрүлүп  келет. Бул турнирге Кыргызстандын 7 дубанынан ата-энелер келип, 1-тур түштүк жана түндүк аймактарында өткөрүлгөн.  Турнирде аталардын арасында волейбол жана футбол,  ал эми апалардын  арасында теннис жана волейбол багыты боюнча мелдеш болду. 1-турда биринчи жана экинчи орунга жетишкен команда бул жылы ордолуу  Ош шаарына келишип  “Себат” кыздар лицейинде ат салышты.

Достук турниринин  жыйынтыгында төмөндөгүдөй жеңиштерге жетишишти.

Аталар арсындагы футбол  боюнча :      

1-орун  Бишкек Ч. Айтматов лицейи

2-орун Ош “Сема” лицей

3-орунду Токмок Ж. Баласагын лицейи

4-орун Кадамжай “Семетей” лицейи ээледи.

Аталар арасындагы волейбол  боюнча:

1-орун И.Разаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи

2-орун Ош “Сема”  лицейи

3-орун “Айчүрөк” лицейи

 4-орун Бишкек Ч. Айтматов лицейи ээледи.

Ал эми апалар арасында волейбол  боюнча:

 1-орун Ош “Сема” лицей

 2-орун Кара-Балта  лицейи

 3-орун Жалал-Абад З.Нурматова лицейи

 4-орун Айчүрөк лицейи 

Теннис  боюнча:                                                  

 1-орун  Ош “Сема” лицейи

 2-орун Ош “Себат” лицейи

  3-орунду Токмок балдар лицейи  


Футбол жана волейбол боюнча жеңүүчүлөргө:

  1-орунга  дрон камерасы

  2-орунга компьютер

  3-орунга телевизор

Теннис боюча жеңүүчүлөргө:

 1-орунга шире чыгаруучу апарат

 2-орунга чаң соргуч

 3-орунга духовка белекке берилди

Close
Close