Бишкекте Эл аралык " Тhe World Scholar's Cup" турниринин регионалдык бөлүгү өткөрүлдү

9-10-май күндөрү Эл аралык " Силк Роад" мектеби "Тhe World Scholar's Cup" турниринин уюштуруучулары менен биргеликте мектеп окуучулары үчүн масштабдуу дебат турнирин өткөрдү. Турнирдин алкагында окуучулардан түзүлгөн курама командалар дилбаян, тест жазуу, дебат сыяктуу 4 этап боюнча ат салышты. Ар бир этапта берилген суроолор жана темалар глобалдык темалардан алынды.

"The world scholar's cup" турниринде катышуучуларды башка өлкөлөрдөн келген жана жергиликтүү 45 жогорку квалифицияланган калыстар тобу баалады.

Аталган турнир мектеп окуучуларынын дүйнө таанымын өстүрүү жана өз оюн эркин айтууга үйрөтүү максатында 10 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Мындан жеңген окуучулар Афина,Түштүк Африка, Ханойдо өтүүчү финалдык оюнга катышат. Финалдык бөлүгүнөн байгелүү орунду алган окуучулар дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттерге жеңилдик менен окуу мүмкүнчүлүктөрү берилет. "The world scholar's cup" турнирине жалпы 45тен ашуун өлкөнүн окуучулары катышат.

Финалдык бөлүгүнөн мыкты деп тандалган командалар АКШнын Йелльский университетинде мелдешет.

Close
Close