6-класстар арасында өткөрүлгөн Республикалык математика олимпиадасында Токтогул районунан келген окуучу биринчи орунду алды

22-апрель күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси уюштурган 6-класстардын окуучуларынын арасындагы математика сабагы боюнча Республикалык олимпиаданын (АКМО-2017) финалдык бөлүгү болуп өттү. Республикалык туруна облустук баскычтан жеңип чыккан эң мыкты 36 окуучу катышты.

Биринчи орунду Жалалабад облусунун Токтогул районунан келген Тилек Өмүрбеков жеңүүчү деп табылды.  Ал I-даражадагы диплом жана ноутбук, ал эми мугалимине 10 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Экинчи орунду Баткен облусунан келген Нурбек Айтматов ээледи. Ал II-даражадагы диплом жана ноутбук менен, ал эми мугалими 8 000 сом менен сыйланды.

Бишкек шаарынан катышкан Илимжан Ильичбеков үчүнчү орунду ээлеп, III-даражадагы диплом жана планшет, мугалими 6 000 сом менен сыйланды.

Бишкек шаарындагы Эл аралык "Кембридж Силк Роад" мектеби олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө атайын окуу акысына жеңилдиктерди берди. Айта кетсек биринчи орунду алган окуучуга 80% жеңилдик, экинчи орунга 70% жеңилдик, үчүнчү орунга 60% жеңилдик менен окуу сертификаты тапшырылды. Ошондой эле финалдык турга катышкан ар бир окуучуга 50% жеңилдик берилди.

Албетте жеңүүчү окуучулардын мектептерине да белектер каралган. 1, 2, 3 орундарды алган окуучулардын мектептерине лазердик принтерлер берилди. Мындан сырткары бардык катышуучулар баалуу белектер менен сыйланды.

Математикалык олимпиада так илимдер сабагын жакшы өздөштүргөн окуучуларга колдоо көрсөтүү максатында 12 жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жылкы райондук баскычына жалпы 10 миңге жакын окуучу катышкан.

Close
Close