Ош “Сапат” башталгыч мектебинин окуучулары математика боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган 4- класстар арасындагы математика сабагы боюнча олимпиадада “Сапат” башталгыч мектебинин окуучулары бардык байгелүү орундарды ээледи. Биринчи орунду Нурсултан Уламбеков, экинчи орунда Мухаммед Энес Раманов, ал эми үчүнчү орунду Бегалиев Нурсултан ээледи. Аталган олимпиадага шаардагы бардык мектептерден жалпы 180 окуучу катышты.

Close
Close