Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси ата-энелер үчүн спорт мелдешин уюштурду

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси лицейлер арасындагы ата-энелердин достугун артыруу максатында ата-энелер үчүн “Спорт - достуктун элчиси” аттуу лицейлер аралык мелдеш өткөрдү. Ага Нарын, Ыссык-Көл, Талас, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарындагы лицейлерден келген курама командалар катышты. Мелдеште аталар спорттун футбол жана волейбол түрү менен, ал эми апалар волейбол жана стол тенниси менен ат салышты. Төрт жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан спорт мелдешинен жеңген сегиз команда Ош жергесинде өтүүчү финалдык оюнга катышууга жолдомо алды.

Аталар арасындагы футбол мелдешине Түндүк зонадагы лицейлерден 9 комманда катышып Ч.Айтматов атындагы Бишкек балдар лицейинин ата-энелеринен куралган комманда биринчи орунду, Жусуп Баласагын атындагы Токмок балдар лицейинен келген тайпа экинчи орунду ээледи. Ошондой эле аталар арасындагы волейбол жарышында 6 команда мелдешип, биринчи орунду өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алган Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин курама командасы, экинчи орунду Бишкек "Айчүрөк" лицейинин аталары алды. Аталар арасында өткөн спорт мелдеши Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы балдар лицейинде уюштурулду.

 Ушундай эле мелдеш апалар арасындагы “Үмүт” Токмок кыздар лицейинде да өткөрүлдү. Стол тенниси боюнча биринчи орунду “Үмүт” Токмок лицейи, экинчи орунду Жусуп Баласагын атындагы балдар лицейинен түзүлгөн комманда ээледи. Мелдештин волейбол түрүнөн биринчи орунду Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” лицейинин тайпасы, экинчи орунду Кара-Балта “Жайыл” балдар лицейинен келген апалар алды.

Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан мелдешке катышкан ата-энелердин саны көбөйүүдө. Алар бир гана мелдеш учурунда эмес, учурда иш чөйрөсүндө да активдүү кызматташып келишет. 

Close
Close