Эл аралык “Ататюрк - Алатоо” университетинин студенттери эл аралык мелдеште эң мыкты дебют кылган 2-команда деп аталды.

Эл аралык “Ататюрк - Алатоо” университетинин “Юриспруденция” бөлүмүнүн 2-курс студенттери Омуралиев Курманбек жана Сулайманов Азамат 2017-жылдын 24-27-март күндөрү студенттер арасында Индияда өткөн эл аралык мелдешке катышты (7 th Justice P.N Bhagwati International Moot Court Competition on Human Rights). Катышуучулар ар кандай сот жараянын ойноп, эл аралык тартыш маселелерди карашты. Соттордун палатасынын курамын  дүйнөдөгү эң мыкты юристтер, эл аралык соттордун жана Индиянын жогорку сотунун өкүлдөрү, ошондой эле юриспруденция чөйрөсүндөгү эксперттер жана жогорку квалификациядагы профессорлор түзүштү. 

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Эл аралык “Ататюрк - Алатоо” университетинин командасы биринчи жолу катышып жаткан командалардын ичинен эң мыкты 10 команданын ичине кирген жалгыз команда деп табылып, эң мыкты дебют кылган 2-команда катары атайын кубок менен сыйланды.

Мындан тышкары “юриспруденция” бөлүмүнүн мугалими, доцент, юридикалык илимдеринин кандидаты Тегизбекова Жылдыз атайын чакырылган калыс катары катышып, эң активдүү жана квалификациялуу калыс катары ардак сертификаты менен сыйланды.


Close
Close