Республикалык ачык шахмат турнири жыйынтыкталды

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясы коомдук фонду менен биргеликте алгачкы жолу өткөргөн ачык шахмат турнири жыйынтыкталды. Аталган турнирде 30 жакын мектептерден 6-14 жаштагы жалпы 250 окуучу жаш курагы боюнча 4 категорияга бөлүнүп, кыздар жана балдар өзүнчө ойноду. Аталган турнирден биринчиликти алган окуучуларга Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин башталгыч мектептерине 25%  жеңилдик менен окуу сертификаты, экинчи орундарга 10% жеңилдик менен окуу сертификаты жана баалуу белектер тапшырылды.

6-8 жаш курагындагы кыздар арасында:

1-орун : Пазылбекова Нуржамал

2-орун : Карташева Яна

3-орун : Рысбергенова Алия

8-10 жаш курагында кыздар арасында:

1-орун : Есенбек кызы Айжылдыз, “Апас Жумагулова” атындагы мектеп

2-орун : Андашева Акылай, №64 мектеп 

3-орун : Бообекова Умай, №12 мектеп

10-12 жаш курагындагы кыздар арасында:

1-орун : Нурай Советбекова, № 67 мектеп

2-орун : Белецкая Полина

3-орун : Съездбекова Назира №78 гимназия

12-14 жаш курагындагы кыздар арасында:

1-орун : Сайкал Аскарбек кызы №84 мектеп

2-орун : Кенжебаева Адеми №12 мектептен

3-орун : Алимжан кызы Акинай, №84 мектеп

6-8 жаш курагындагы уландар арасында:

1-орун : Залкар Амангелдиев, Эл аралык Оксфорд мектебинен

2-орун : Батырхан Ли,

3-орун : Наиль Алыбаков, 6 жашта

8-10 жаш курагында уландар арасында:

1-орун : Нурислам Абдылдаев, Сейтек-Жал мектеби

2-орун : Аким Сабырбеков

3-орун : Айхан Жумашүкүров Акылтай башталгыч мектеби

10-12 жаш курагындагы уландар арасында:

1-орун : Азиз Дегенбаев, № 6 мектептин окуучусу

2-орун : Артур Соломко №61 мектеп

3-орун : Суванбеков Джахангир №61 мектеп

12-14 жаш курагындагы уландар арасында:

1-орун : Жолдошмаматов Адилет, Ч.Айтматов атындагы Бишкек балдар лицейинин окуучусу

2-орун : Съездбеков Алмаз, №5 гимназия

3-орун : Карымшаков Рахман, №13 мектеп

Ачык шахмат турнири сергек жашоону пропагандалоо, жаш балдар жана өспүрүмдөр арасында шахмат спортун жайылтуу максатында 2017-жылдын 8-9-апрель күндөрү “Сейтек Туңгуч” башталгыч мектебинде өткөрүлдү. 

Close
Close