Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары арасында Дебат боюнча I Республикалык турнирдин жеңүүчүлөрү Астанада болгон дебат турнирине катышышты.

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары арасында Дебат боюнча I Республикалык турнирдин орус лигасынын жеңүүчүлөрү Шалхар Намыркожоев жана Ильгиз Ахмедов 31-март 2-апрель күндөрү Астана шаарындагы Назарбаев Университетинде өткөрүлгөн “Небо Кочевника” аталышындагы дебат турнирине катышты. Биздин окуучулар Кыргызстандан, Казахстандан жана Россиядан келген тажрыбайлуу студенттер менен ат салышты.

Close
Close