Кадамжай "Семетей" лицейинин окуучулары World Scholar’s Cup турниринде экинчи орунду ээледи

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин Кадамжай шаарындагы “Семетей” лицейинин окуучусу Астанада өткөн дүйнөлүк дебатта мыкты 8 оюнчунун катарына кирди. 31-мартта жана 1-апрель күндөрү өткөн World Scholar’s Cup турнирине Казакстан жана Кыргызстандын 25 ар түрдүү мектебинен 380 окуучу катышкан. “Семетей” окуу жайынан 12 окуучудан түзүлгөн 4 тайпа катышып, дебаттык турнирдин “Bowl” тармагы боюнча тайпалык эсепте 2-орунду ээлешти. Ал эми “Debate Showcase” боюнча окуучу Бексултан Дуулатов эң мыкты 8 оюнчунун катарына Кыргызстандан жалгыз болуп кирди.

Кошумчалай кетсек, дебаттык турнир англис тилинде жүргүзүлгөн. Анда “Bowl” тармагында катышуучулар экрандан чыккан суроолорго баскычтар аркылуу ыкчамдык менен жооп бериши керек болгон. Ал эми “Debate showcase” түрүндө тайпалар белгиленген темалар боюнча өздөрүнүн позицияларын коргошкон.

Close
Close