Кыргыз Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 88 жылдыгына карата Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучулары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып келишти.

2016-жылдын 14-декабрь күнү Ч.Айтматовдын 88 жылдыгына карата Ч.Айтматов атындагы лицейдин 8-классынын 100дөн ашык окуучусу жана билим берүү мекемесинин жетекчилигинин администрациясы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жазуучуну эскерүү максатында барып келишти.
Бул иш-чаранын максаты- залкар жазуучу Ч.Айтматовтун 88 жылдыгына арналып, өспүрүмдөрдү өлкөнүн тарыхын, маданиятын жана уулу адамдардын мекени үчүн жасаган иштерин баалоого, сыйлоого жана аларды эскерүүгө чакыруу.
Иш-чарада тарых мугалимдери Бекбоева Шааркул жана Кочкоров Кубат залкар жазуучу Ч.Айтматов тууралуу ойлорун бөлүшүштү. Ошондой эле 7-апрелде курман болгондордун патриоттулугун кошумчалап, мемориалга баруунун, мекенине жошоосун арнаган адамдарды эскерүү маанилүү экендигин белгилешти.
Иш чара минуталык эскерүү менен аяктады.

Close
Close