Кадамжай лицейинде кайрымдуулук акциясы

Бүгүн 3-декабрь бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата Кадамжай "Семетей" лицейи кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Аталган иш-чарага лицейибиздин окуучулары активдүү катышып жардамга муктаж болгондорго күнүмдүк турмушта керектелүүчү азыктар менен кошо акчалай жардам беришти. Лицейибизде кайрымдуулук кутусу уюштурулуп, окуучулар ыктыярдуу түрдө ар кандай өлчөмдөгү акчалай жардамдарын көрсөтүштү. Бул акция балдарга өзгөчө таасир калтырды. Ошону менен бирге калктын аярдуу катмарына кам көрүү жана өз ден соолуктарын чың кармоо керектигин аңдап билишти.

Close
Close