2018-жылдын 20- декабрында Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси алдыңкы Гонгконг шаардык университети (CityU) менен билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол койду.

2018-жылдын 20- декабрында Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси алдыңкы Гонгконг шаардык университети (CityU) менен билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол койду.

Гонконг шаардык университети (CityU) дүйнөлүк рейтинг боюнча ТОП 100 университеттин №55 катарында турат.

Ал эми Азиянын университеттеринин рейтинги боюнча №21 орунда турат. Азыркы учурда бул университетте биздин 7 бүтүрүүчү билим алып жатат.

Кызматташуунун алкагында “Сапаттын” 6 бүтүрүүчүсү бул университетте түрдүү стипендиялык программалар менен окуй алышат. 

Top Scholarship – бул каржылык колдоонун баалуулугу жылдык 180 000 гонконг долларын түзөт (болжол менен 23 000 АКШ доллары) бул каражат бир жылдык окуу, кампуста жашоо жана негизги турмуш-тиричилик чыгымдарын жабат.

Full Tuition Scholarship – бул каржылык колдоонун баалуулугу жылдык 140 000 гонконг долларын түзөт (болжол менен 18 000 АКШ доллары), каражат окуу үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөмдү жабат.

Half Tuition Scholarship – бул каржылык колдоонун баалуулугу жылдык 70 000 гонконг долларын түзөт (болжол менен 9 000 АКШ доллары), каражат окуу үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөмдүн жарымын жабат.

Close
Close