Кадамжай шаарындагы "Семетей" лицейинин окуучулары областтык предметтик олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болушуп, упайлардын рейтинги боюнча аталган лицей 1-орунду ээледи!

26-27-февраль күндөрү Баткендеги областтык олимпиада Кадамжай шаарындагы "Семетей" лицейинде болуп өттү. Олимпиадага Баткен областындагы баардык мектептеринен 221 окуучу келип катышты. Эки күнгө созулган билим таймашында 35 окуучу 1-2- орундарды ээлеп, олимпиаданын Республикалык 4 баскычына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 

Упайлардын рейтинги боюнча 30 упай менен "Семетей" лицейи 1-орунду,

19 упай менен Баткен областтык гимназиясы 2-орунду,

14 упай менен Кызыл-Кыя шаарынын Исхак Раззаков атындагы лицейи 3- орунду ээледи.

Close
Close