Нарындагы М. Субакожоев атындагы лицейдин окуучулары областтык предметтик олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болушуп, Республикалык Олимпиадага жолдомо алышты!

26-27-февраль күндөрү предметтик олимпиаданын 3-областтык этабы болуп өттү. Областтык олимпиадада Нарындагы М.Субакожоев лицейинен 18 окуучу катышып, 15 окуучу байгелүү орундарды ээлешти. 10 окуучу 1-орун, 4 окуучу 2-орун, 1 окуучубуз 3-орунду камсыз кылды. Жыйынтыгында Республикалык Олимпиадага аталган лицейдин 14 окуучусу катышууга жолдомо алышты.

Close
Close