Биздин окуучуларыбыздын Таиландда өткөн Эл аралык математика боюнча олимпиадада (The International Math Challenge) жогорку көрсөткүчтөрү!

 “Cambridge Silk Road International School” мектебинин окуучулары Таиландда, Бангкок шаарында өткөн Эл аралык математика боюнча олимпиадада (The International Math Challenge) алтын медал утуп алышты. Ошондой эле, жалпы командалык эсепте 180 команданын ичинен 4 орунга ээ болушту.

Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы лицейинин 5 окуучусу аталган Эл аралык математика боюнча олимпиадада (The International Math Challenge) байгелүү орундарга ээ болушту.
Аталган лицейдин окуучулары 3 күмүш жана 2 коло медал утуп алышты, жалпысынан олимпиадага 9 окуучудан турган курама команда менен барып, жакшы жетишкендиктер менен кайтышты.
Эл аралык Math Challenge олимпиадасы 7 жылдан бери өткөрүлүп келүүдө, бул жылы аталган сынакка 17 өлкөдөн 600дөн ашуун окуучу катышышты.

Close
Close