Кадамжай шаарындагы “Семетей” лицейинин окуучулары математика боюнча олимпиадада 1-орунду ээлешти!

 2018-жылдын 4-февраль күнү Борбор Азиядагы Америка Университетинде 4-11-класстарда окуган окуучулар арасында математика боюнча олимпиаданын финалдык бөлүгү болуп өттү. Олимпиаданын финалдык бөлүгүндө күч сыноо үчүн Бишкек шаарына Кыргызстандын баардык областтарынан жана региондорунан окуучулар жана ата-энелер келишти. Кадамжай шаарындагы “Семетей” лицейинин 9-классынын окуучусу Байгесеков Бекжан жана аталган лицейдин 11-классынын окуучусу Жолдубай уулу Бекжол 1-орунга ээ болушту.

Close
Close