Республикалык "Илим+Ойлоп табуу=Техника" илимий-техникалык олимпиадада Талас шаарынын “Манас Ата” лицейинин окуучулары байгелүү 3-орунга ээ болушту!

2018-жылдын 5-10-февраль күндөрү И.Раззаков атындагы КМТУнун Корей борборунда окуучулардын республикалык «Илим+ойлоп табуу=техника» илимий-техникалык олимпиадасы өткөрүлдү. Олимпиада 2 турдан турду: теориялык жана практикалык, анда Кыргызстандын бардык облустарынан 10-13 жана 14-17 жаш курактагы окуучулары бир эле убакта катышуу менен дагы өздөрүнүн изилдөөчүлүк долбоорлору жана ойлоп табуучулук моделдерин жакташты. Бул жылы «үй тапшырма» катары балдарга универсалдуу бургулоо орнотмосун иштеп чыгуу сунушталган. Алардын инновациялык долбоорлорун жана моделдерин компетенттүү калыстар тобу баалашты, алардын катарына өлкөбүздүн көрүнүктүү окумуштуулары кирди.

Close
Close