“Манас Ата” лицейиинин окуучулары “Talas Debate Organization” уюштурган дебаттардын катышуучулары!

 Талас шаарынын “Манас Ата” лицейиинин жогорку классынын окуучулары “Talas Debate Organization” уюштурган дебаттарда катышышат. Дебаттарга катталуу 10-20-январь аралык күндөрү болуп өттү. Англис тилин популяризациялоо жана окуучулардын чет тилдерге болгон кызыгуусун арттыруу үчүн, дебаттар англис тилинде болот. Мугалимдер жана катышуучулар үчүн дебаттын форматы, өзгөчө эрежелери, сүйлөөнүн узундугу, тема жана баа берүүнүн критерийлери жөнүндө “American Corner” бурчунда тренинг өткөрүштү. Бир команда 3 катышуучудан турат. Жюрилердин курамын Эл аралык “Peace Corps” уюмунун волонтёрлору түзөт. Аталган дебаттарда биздин мезгилдин актуалдуу темалары талкууланат. 17-февралда дебаттын 1-туру болот, ал эми 18-февраль күнү финалдык бөлүгү өткөрүлөт.

Close
Close