"City University of Hong Kong" университетинин өкүлдөрү бизде конокто!

22-январь күнү, "QS World University Rankings" маалыматына ылайык дүйнө жүзү боюнча эң мыкты 50 университеттердин катарына кирген, ал эми Азияда болсо 8 орунда турган "City University of Hong Kong" университетинин өкүлдөрү бизде конок болушту. Аталган университеттин өкүлдөрү жогорку окуу жайы тартуулаган мүмүнчүлүктөр боюнча кеңири маалымат берип жана келечекте биздин мекемелер менен эффективдүү кызматташтыкка даяр экендигин билдиришти. "City University of Hong Kong " өкүлдөрүнө биздин окуучулар үчүн түзүлгөн жаңы мүмкүнчүлүктөр үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

Close
Close