Биздин мектептерде башталгыч класстар жумалыгы!

22-27 январь күндөр аралыгы Талас шаарындагы “Манас Ата” башталгыч мектебинде башталгыч класстар жумалыгы өтүүдө. Жыл сайын жумалыктын алкагында өткөрүлүүчү түрдүү иш-чараларда окуучулар кызыгуу менен катышышат. Мугалимдер жоопкерчилик менен класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурушуп, түрдүү форма жана ыкмаларды колдонушат: викториналар, оюндар, саякаттар, КВНдер жана жарыштар.

Close
Close