Биздин лицейлердеги "College Counseling" программасы!

18-19-январь күндөрү Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы лицейинде жана “Айчүрөк” кыздар лицейинде, ошондой эле Токмок шаарындагы "Үмүт" лицейинде болуп өткөн "College Counseling" программасы окуучуларыбызга жогорку окуу жайлар жөнүндө кеңири маалымат берди. Бул күндөрү окуучуларыбыз "QS World University ranking" маалыматына ылайык билим берүү тармагы боюнча дүйнөдө 12-орунда, ал эми Азияда 2-орунда турган, ошондой эле тил үйрөтүү боюнча дүйнөдө мыкты 150 университеттин катарына кирген "The Education University of Hong Kong" университети боюнча кеңири маалымат ала алышты.

Аталган университеттин өкүлү Jasmine Cheung бул жогорку окуу жайга тапшыруу жараяны, анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берип, окуучуларга бул университетти тандоо менен алар кандай артыкчылыктарга ээ болорун айтып берди. Мындан тышкары окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго толук жооп алышты.

Close
Close