XIV - Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадада биздин окуучулар 2 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту.

2018-жылдын 10-16-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында окуучулар арасында математика, информатика жана физика сабактары боюнча XIV - Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы болуп өттү. Кыргызстандын командасы 28 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 21 окуучусу кирди.

Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча: 

Информатика сабагынан «Ош-Сема» лицейинин 11-классынын окуучусу Мадаминов Акбар күмүш медалга ээ болду. Ал эми «Ош-Сема» лицейинин 10-классынын окуучусу Бакиров Мирбек коло медалга жана Х.Карасаев атындагы Каракол лицейинин 10-классынын окуучусу Джамалов Өмүрбек коло медалга ээ болушту. 

Математика сабагынан Х.Карасаева атындагы Каракол лицейинин 11-классынын окуучусу Жекшеев Дослан жалгыз күмүш медал менен сыйланды.

Физика сабагынан Х.Карасаева атындагы Каракол лицейинин 11–классынын окуучусу Мырзабеков Азамат, “Cambridge Silk Road International School” Бишкек Эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Садиков Артур жана Өмүрбеков Нурдөөлөт коло медалга ээ болушту.

Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 15 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика,математика жана информатика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле талантуу жаштарды ачуу, маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.

Close
Close