Эл аралык химия боюнча "Сhemico" онлайн-олимпиадасында окуучуларыбыз 1 алтын, 8 күмүш жана 11 коло медалга ээ болушту.

2017-жылдын 14-ноябрь күнү эл аралык химия боюнча «ChemiCo» олимпиадасы окуучулар арасында онлайн-режимде болуп өттү. Олимпиадага 28 өлкөнүн окуучулары катышышты жана бүгүн жыйынтыктары белгилүү болду. Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлеринин окуучулары 1 алтын медаль, 8 күмүш медаль жана 11 коло медалга ээ болушту. 

"ChemiCo" - бул Азиянын Тынч океан регионундагы орто мектептер үчүн олимпиада стилинде өтүүчү экзамен, ал окуучуларга теоретикалык химия боюнча өздөрүнүн билимдерин сыноого жана жакшыртууга жардам берет. Бул 2 сааттык экзамен 3 бөлүктөн турат: тест, кыска жооп жана структуралык суроолор.

Close
Close