Биздин окуучулар 18-Орусиялык программалоо боюнча командалык олимпиадасында 3 медалга ээ болушту.

18-Орусиялык окуучулар арасында программалоо боюнча командалык олимпиадасы Санкт-Петербург, Барнаул, Алматы жана Тбилиси шаарларында 2017-жылдын 9-10-декабрь күндөрү болуп өттү. Алматы шаарынын Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин интернет-борборунда олимпиаданын акыркы этабы болуп өттү, олимпиадага 10 өлкөдөн 717 окуучу катышкан.

Кыргызстандын 1-курама командасында Ош шаарынын "Сема" лицейинин 11-классынын окуучусу Мадаминов Акбар, Каракол шаарынын Х. Карасаев атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Касымов Арсен жана Каракол шаарынын Х. Карасаев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Джамалов Өмүрбек күмүш медалга ээ болушту. 

Ошондой эле 2-курама командасында Ош шаарынын "Сема" лицейинин 10-классынын окуучусу Бакиров Мирбек, Кадамжай шаарынын "Семетей" лицейинин 10-классынын окуучусу Жеңишбек уулу Талант жана Бишкек шаарынын Ч.Айтматов атындагы лицейдин 9-классынын окуучусу Батыркулов Шабдан коло медалга ээ болушту жана 3-курама команда Кызыл-Кыя шаарынын И.Раззаков атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Нурланбек уулу Саддамбек жана 10-класстын окуучулары Гуламидинов Аламбек менен Элдияр уулу Равшанбек коло медалга ээ болушту.

Close
Close