Азербайджанда Эл аралык “Таланттарды даярдоо лабораториясы” аттуу олимпиадасындагы жеңиш!

Нарындагы М. Субакожоев атындагы лицейинин 9-классынын окуучусу Султанидинов Султан 2017-жылындагы Азербайджанда Эл аралык “Таланттарды даярдоо лабораториясы” аттуу олимпиадасында коло медаль утуп алды.

Бул Дүйнөлүк так илимдер боюнча өспүрүмдөр арасындагы олимпиадага Кыргызстан курама командасы менен төмөнкү окуучулар катышышты: Бишкек шаарынын Ч. Айтматов атындагы лицейинин 8-классынын окуучусу Мамбетов Камил, Бишкек шаарынын Ч. Айтматов атындагы лицейинин 8-классынын окуучусу Абасканов Амир.

2017-жылдын 10-15-январь күндөрү Азербайджан мамлекетинин борбор шаары Бакуда эң атактуу саналган окуучулар арасында Дүйнөлүк так илимдер боюнча Олимпиада өткөрүлдү. Жалпысынан бул олимпиадага 8 мамлекеттен келген 76 окуучу билимдерин сынашты.

Close
Close