Биздин окуучулардын спорттогу жогорку жетишкендиктери: “Barrington Ice Arena 2017”!

Биздин окуучулар өтө таланттуу жана ар тараптан өнүккөн, алар бир гана окууда эң жакшы жетишкендиктерди көрсөтүү менен чектелбестен, дүйнөлүк аренада да спорт боюнча жогорку бийиктиктерди багынтырууда.Бул айдын эстен кеткис окуялардын бири болуп, Бишкек шаарынын хоккей боюнча жеткинчек курама командасынын Эл аралык “Barrington Ice Arena 2017” турниринде алтын медалга ээ болуусу саналат. Турнир 2-5-декабрь аралыгында АКШда, Чикаго шаарында Кыргызстан жана АКШнын командаларынын катышуусу менен болуп өттү. Бишкек курама командасы атаандаштарды 3 жолу утуп, турнирдин жеңүүчүлөрү наамына ээ болду. Хоккеисттердин арасында ТэЖББМ “Грамотеи” мектебинин 3-классынын окуучусу Алтай Казакбай да бар.

Close
Close