Тарых жумалыгында "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине зыярат!

Тарых жумалыгы алкагында биздин окуучулар репрессия учурундагы курман болгондорду эскерүү жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилөө максатында "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин зыярат кылып келишти. Биздин тарыхыбыздагы улуу инсандарды жана алардын эмгектерин эскерүү - бул жаш муунду тарбиялоодогу бөлүнгүс бөлүктөрүнүн бири болуп эсептелинет. Кечээги тарыхты билбей туруп, бүгүнкү күндүн кадырына жетпейсиң жана келечеке кадам таштай албайсың.

Close
Close