Биздин окуучубуз - «Harvard Model Congress» программысына стипендияга ээ болду!!!

«Cambridge Silk Road International School» мектебинин 10-классынын окуучусу Гульжан Исаева 2018-жылы АКШда, Бостон шаарындагы Гарвард университетинде өтүүчү “Harvard Model Congress” программасына толук стипендия алды. Ал биз менен өзүнүн ийгилик сырлары менен бөлүштү жана стипендия алуу үчүн эң керектүү сыпаттар жөнүндө айтып берди.

«Harvard Model Congress» дүйнөдө өткөрүлүүчү эң ири симулятивдик өкмөт конференциясы болуп саналат. 1986-жылы биринчи жолу болуп өткөн жана жыл сайын февраль айында АКШда, Бостон шаарында өтүп турат. Конгресстин уюштуруу жана өткөрүү иштерин Гарвард университетинин бүтүрүүчүлөрү алып барат. «Harvard Model Congress» - бул эртеңки күндүн лидерлерин окутуучу, мотивация берүүчү жана даярдоочу коммерциялык эмес организация.

Close
Close