Күз мезгилиндеги - жетишкендиктерибиз!

Бүгүн күз мезгилинин акыркы күнү, күз мезгилиндеги биздин окуучулардын дүйнөлүк аренадагы жогорку жетишкендиктери менен бөлүшүп жана куттуктап коюуну чечтик.
2017-жылдын сентябрь айында Иран мамлекетинде геометрия боюнча IV-Эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Жеңүүчүлөрдүн катарын Талас шаарындагы “Манас Ата” лицейинин 10-классынын окуучусу Эралиев Дастан толуктады, ал коло медалга ээ болду. Сынак онлайн режиминде болуп өттү.
Белгилей кетчү нерсе, сынакка 44 мамлекеттен 4000ге жакын жаш математиктер катышышты.
Олимпиада жаш курагы боюнча 3 тайпага бөлүнүп өттү:elementary (7-8 класстар), intermediate (9-10 класстар) жана advanced (10-11 класстар). Окуучулар берилген тапшырмаларды онлайн режиминде аткарышты (5 тапшырма-4,5 саат).Эң жакшы аткарылган тапшырмалар сканерленип Иранга жөнөтүлгөн.

Геометриядан болгон биринчи олимпиада 2014-жылдын сентябрь айында Иран мамлекетинин Тегеран жана Исфахан шаарларында болуп өткөн, ага 300дөн ашуун окуучу катышкан.

2017-жылдын октябрь айында Кыргызстанда биология боюнча Мендель Эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Токмок шаарынын “Үмүт” кыздар лицейинин 9-классынын окуучусу Абдыразакова Азиза 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду. Сынак онлайн режиминде болуп өттү. Олимпиада 1 теоретикалык турдан турат жана жылына 3 жолу өтүүдө. Кийинки сынак 2018-жылдын 20-январында болот.
Олимпиадада 4 мамлекеттен 109 окуучу биология сабагынан күч сынап көрүшту. Сынактын уюштуруучусу: Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси.

Close
Close