Биздин окуучулар - эл аралык «Run the Silk Road» жарым марафонунун волонтёрлору!

19-ноябрь күнү Бишкек шаарында алгачкы эл аралык «Run The Silk Road» жарым марафону болуп өттү. Бишкек шаарындагы “Ч. Айтматов” атындагы лицейдин окуучулары жарым марафондо волонтёр катары активдүү катышышты, себеби алар Кыргызстандагы марафондук спортко жана туризмдин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү менен өздөрүнүң салымын кошууну көздөштү. Окуучулар жарым марафонду уюштурууда жана өткөрүүдө уюштуруучуларга чоң көмөк көрсөтүштү. Аягында волонтёрлор сертификат алышты, аны менен бирге эл аралык иш-чараларды уюштурууда баалуу тажрыйба топтошту. 

Биринчи шаардык жарым марафон ар кандай тилдерде сүйлөгөн, түрдүү маданиятты элестеткен, бирок спортту бирдей сүйгөн адамдарды бириктирүүчү иш-чара катары ойлонуп табылган.

Жарым марафондо спортсмендер жана чуркоону сүйүүчүлөр катышышты.

Close
Close