Биздин мектептерде орус тили жана адабияты жумалыгы!

Бүгүн биздин мектептерде орус тили жана адабияты жумалыгынын жабылуу аземи өткөрүлүп жатат. Орус тили жана адабияты өлкөсүнө болгон саякатыбыз абдан кызыктуу болду.Ар кайсы класстын окуучулары орус улуттук музыкалык аспаптарда музыкалык чыгармаларды аткарышып, орус элинин улуу акыны А.С.Пушкиндин чыгармалары менен таанышып, орус элинин улуу жазуучуларынын чыгармаларын окушуп, макал-лакаптарды айтышып, алардын маанисин түшүндүрүштү жана улуттук бийлерди бийлешти. Бул жумада окуучулар орус тилинде сүйлөшүп, элдик чыгармачылык көргөзмөсү менен таанышып, улуттук оюндарды ойношту жана жомоктор дүйнөсүнө саякат жасашты. Жума бою балдар жаңы мелдештерди жана викториналарды чыдамсыздык менен күтүшүп, оюндарда активдүү катышып жатышты.

Close
Close