Программа Лидерства ProKG

Көптөн күттүргөн ProKG 2017 Лидерлик Программасын ачык деп жарыялайбыз!

ProKG Профессионалдар Клубу уюштуруп жаткан мега-билим берүүчү ProKG Лидерлик Программасынын сынагын 19-23 жаш курактагы жаштарга ачык деп кубануу менен кабарлайт!

БУЛ КАНДАЙ ПРОГРАММА?

ProKG Лидерлик Программасы – бул Knowledge Economy`ни, башкача айтканда мамлекеттин илимий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрө алган билимдүү жана сабаттуу адистердин интеллектуалдык потенциалына таянган өлкөнү түптөй алчу жаш муундун өкүлдөрүн таптоочу жана алардын өсүп-өнүгүшүнө арналган долбоор.

Программа 2015-жылы ийгиликтүү ачылган. Ар бир жылы уюштуруулучу бул долбоордун максаты дымагы күчтүү жана лидерлик сапаттарга ээ болгон алдыңкы 20 жаштын жогорку квалификациялуу адистер менен таанышуусуна жана байланышуусуна шарттарды түзүү менен аларды үлгү катары көрсөтүп, эл аралык деңгээлдеги мыкты адис болуп чыга келүүсүн камсыздоо болуп саналат. Бул долбоорго катышкан жаштар, Кыргыз Республикасынын адам капиталынын (human capital, human capacity) өнүгүү көрсөткүчтөрүн жогорулатмакчы.

КАНДАЙ БӨЛҮКТӨРДӨН ТУРАТ?

2017-жылы ProKG Лидерлик Программасы " Мүмкүнчүлүгүңдү колдон!" деген ураан алдында ишке кирди! Программа үч бөлүктөн туруп, саламаттыкты сактоо жана спорт маселелерине дагы өзгөчө маани берилет.

• Жеке жана кесиптик өсүш үчүн интенсивдүү окутуу;
• Ментордук окутуу;
• Ар кандай тармактардагы жогорку адистер менен жолугушуулар: бизнес чөйрөсүнөн, көркөм өнөр, спорт тармагы жана мамлекеттик кызматкерлер;
• Катышуучулар тарабынан ишке ашырылуучу социалдык долбоорлор жана иш чаралар;

ProKG Лидерлик Программасынын ар бир этабы эл аралык деңгээлде тажрыйбасы бар жана ошондой эле жогорку сапаттагы адистер тарабынан иштелип чыгып, ишке ашырылат. Программанын катышуучулары кайсы бир чөйрөдө ийгиликтүү карьера курууга, стартапты ишке ашырууга жана жеке жашоосунда ийгиликтүү болуу үчүн негизги принциптерди жана жөндөмдүүлүктөрдү үйрөнөт.Тажрыйбалуу адистер ментордук кызмат көрсөтүп, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берүү менен кесиптик жана жеке инсандык өнүгүүсүнө жардамчы болот.

ProKG ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНА ТАНДАП АЛУУ КРИТЕРИЙЛЕРИ

- 19-23 жаш арасындагы Кыргыз Республикасынын жараны;
- Азыркы учурда Бишкек шаарында жашоо;
- Лидерлик тажрыйба жана сапат;
- Окууга болгон дилгирлик, өзүн өзү өнүктүрүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача билүүгө жөндөмдүүлүк;
- ProKG бүтүрүүчүлөрүнүн бир бөлүгү болууга каалоосу, алган билими жана тажрыйбасы менен бөлүшө билүү;
- Жаңы идеяларга жана мүмкүнчүлүктөргө умтула билүү;
- Аракетчилдик;

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ
1. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу анкетаны 2017 жылдын 5 – мартына чейин толтуруңуз:
https://docs.google.com/…/1FAIpQLSfOSbMKoelgHDnHww…/viewform ;
2. Анкетаны кыргыз жана орус тилдеринде толтурууга болот;
3. Конкурстун биринчи баскычынан өткөн ийгиликтүү талапкерлер гана экинчи баскычка ProKG тандоо комитети менен маектешүүгө чакырылат;

ЭСКЕРТҮҮ: Жумуштун чоң көлөмдүүлүгүнө жана көп сандагы анкетадан улам ProKG Профессионалдар клубу кошумча маалымат берүүдө жана телефон аркылуу суроолорго жооп берүүдө көмөкчү боло албайт. Ошондой эле сынакта өз статусун билүү үчүн клубтун почтасына жазбооңуздарды суранабыз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин сайтка баш багыңыз жана төмөндөгү шилтемелер менен таанышып чыгыңыз:

- ProKG Лидерлик Программасы жөнүндө Тез-Тез Берилүүчү Суроолор: http://prokg.org/faq-leadership-program/

- ProKG Лидерлик Программасы 2016 ( шилтеменин түбүндөгү комментарийлер менен таанышып чыгыңыз): http://prokg.org/leadership-program-contest/

- ProKG Лидерлик Программасы 2016 алкагында өткөн тренинг: http://prokg.org/leadership-training/

- ProKG Лидерлик Программасы 2016 бүтүрүүчүлөрүнүн профайлдары: http://prokg.org/lp-2015-profiles/

ProKG ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНЫН ОКУТУУ ТИЛИ

ProKG Лидерлик Программасынын негизги тили болуп орус тили эсептелинет. Айрым коноктор менен жоолугушуу (III-баскыч) кыргыз жана англис тилдерине жүргүзүлүшү күтүлөт.

ProKG ЛИДЕРЛИК ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШУУ БААСЫ

Биринчи баскычта тренингге катышууга транспорт чыгымдарын төлөө үчүн, ар бир тандалып алынган катышуучу 500 сом берүүгө милдеттүү. Турак-жай, тамак-аш жана кошумча материалдар менен байланышкан башка чыгымдар ProKG Профессионалдар Клубу тарабынан камсыз кылынат.

Алдын ала мөөнөттөр:
Анкетаны толтуруу мөөнөтү: 2017 жылдын 5-мартына чейин;
Экинчи этапка өткөндөрдү интервьюга чакыруу: 2017 жылдын 22-мартынан 2-апрелине чейин;
Жыйынтыктар жөнүндө кулактандыруу: 2017 жылдын 3-4-апрелине чейин;
Тренинг: 27-30-апрель 2017.

Close
Close