Ата-энелерге

Урматтуу ата-энелер!

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыяланды, ушундан улам биздин окуу жайлардын 25 жыл бою жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн  багытын белгилеп кетүү керек. Биздин ишмердүүлүктүн негизин ар дайым билим жана тарбия түзүп келет. Бүгүнкү күндө биздин муундун алдында турган негизги тапшырма бул баланын интеллектуалдык өсүүсү деп ишенебиз. 

 25 жыл ичинде биз Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына инновацияны киргизүү үчүн фундаменти түптөдүк жана бул чөйрөдө лидер аталдык. Биздин окуучулардын таланты жана эрудициясы, мугалимдерибиздин талыкпаган эмгеги, ар бир тарбиячынын кошкон салымы менен, ошондой эле эң маанилүүсү ата-энелердин жана коомчулуктун колдоосу аркылуу биз мамлекетибиздин желегин эл аралык аренада бийик желбирете алдык.  

 Бардыгыбыздын аракетибиз менен Кыргыз Республикасы дүйнөлүк масштабдагы заманбап жана прогрессивдүү билим берүү системасынын үлгүлүү модели болоруна ишенебиз.

Close
Close